КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-мартындагы № 119 токтому

Кыргыз Республикасынын калкынын психикалык саламаттыгын сактоо боюнча 2018-2030-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасы жөнүндө

Калктын психикалык саламаттыгын сактоо максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1836-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жаңы доорго кырк кадам» программасынын алкагында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1.   Төмөнкүлөр бекитилсин:

-  Кыргыз Республикасынын калкынын психикалык саламаттыгын сактоо боюнча 2018-2030-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасы, 1-тиркемеге ылайык;

-  Кыргыз Республикасынын калкынын психикалык саламаттыгын сактоо боюнча 2018-2030-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын ишке ашыруунун алгачкы беш жылдык этабы катары Кыргыз Республикасынын калкынын психикалык саламаттыгын сактоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын ишке ашыруунун 2018-2022-жылдарга карата иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы), 2-тиркемеге ылайык.

2.   Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор:

-   Иш-чаралар планын аткаруу боюнча чараларды көрсүн;

-  ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты берип турушсун.

3.   Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты берип турсун.

4.  Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

5.    Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.


Премьер-министр                                                                        С.Ж.Исаков