КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-февралындагы № 117 токтому

Дем алыш күндөрдү которуу жөнүндө 

Дем алыш жана майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине жана “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн:

- 2018-жылдын 3-мартындагы дем алыш күнү 2018-жылдын 9-мартындагы иш күнүнө;

- 2018-жылдын 28-апрелиндеги дем алыш күнү 2018-жылдын 30-апрелиндеги иш күнүнө;

- 2018-жылдын 7-майындагы дем алыш күнү 2018-жылдын 3-сентябрындагы иш күнүнө;

- 2018-жылдын 3-ноябрындагы дем алыш күнү 2018-жылдын  9-ноябрындагы иш күнүнө;

- 2018-жылдын 29-декабрындагы жана 2019-жылдын 5-январындагы дем алыш күндөрү 2018-жылдын 31-декабрындагы жана 2019-жылдын 2-январындагы иш күндөрүнө ылайыкталып которулсун.

2. Беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген жеке менчик формасындагы юридикалык жактардын жетекчилерине:

- 2018-жылдын 3-мартындагы дем алыш күнү 2018-жылдын 9-мартындагы иш күнүнө;

- 2018-жылдын 28-апрелиндеги дем алыш күнү 2018-жылдын  30-апрелиндеги иш күнүнө;

- 2018-жылдын 7-майындагы дем алыш күнү 2018-жылдын 3-сентябрындагы иш күнүнө;

- 2018-жылдын 3-ноябрындагы дем алыш күнү 2018-жылдын  9-ноябрындагы иш күнүнө;

- 2018-жылдын 29-декабрындагы жана 2019-жылдын 5-январындагы дем алыш күндөрү 2018-жылдын 31-декабрындагы жана 2019-жылдын 2-январындагы иш күндөрүнө ылайыктап которуу сунушталсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр                                                                     С.Ж.Исаков

Тиркемелер

Басып чыгаруу