КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-февралындагы № 96 токтому

«Москва шаарында 2017-жылдын 10-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Чили Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык, расмий же кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:

     - «Москва шаарында 2017-жылдын 10-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Чили Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык, расмий же кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;

     - Москва шаарында 2017-жылдын 10-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Чили Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык, расмий же кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.


 Премьер-министр                                                                   С.Ж.Исаков