КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-февралындагы № 97 токтому

2018-2023-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматты (финансы полициясын) өнүктүрүү стратегиясы жөнүндө

 

Экономика жана финансы чөйрөсүндөгү экономикалык жана кызматтык укук бузуулардын деңгээлин төмөндөтүү боюнча улуттук системаны өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы № 1 чечимин аткаруу үчүн, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

 1. Бекитилсин:

 - 2018-2023-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматты (финансы полициясын) өнүктүрүү стратегиясы (мындан ары - Стратегия), 1-тиркемеге ылайык. 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы): 

- 2018-2023-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматты (финансы полициясын) өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу планын иштеп чыксын жана бекитсин; 

- Стратегияны ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы № 1 чечимин ишке ашыруу планын иштеп чыксын. 

3. Стратегияны ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар тийиштүү жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка  каржылоо булактарынын чегинде жүргүзүлсүн. 

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) Стратегияны ишке ашыруу жөнүндө маалыматты жыл сайын, отчеттук жылдан кийинки айдын 20сынан кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жиберсин.

 5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн. 

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

Премьер-министр                                                                                    С.Ж.Исаков