Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-январындагы № 21 “Тарых жана маданият жылын даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекцияны түзүү жөнүндө” токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Тарых жана маданият жылын даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын жоюлганына байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-январындагы № 21 “Тарых жана маданият жылын даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекцияны түзүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Ж.Исаков |