КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-апрелиндеги № 173 токтому

Пилоттук  министрликтердин 2019-2021-жылдар мезгилине бекитилген программалык бюджеттерин ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө

Бюджеттин чыгымдарынын социалдык жана экономикалык натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн  программалык бюджеттештирүүнү киргизүүнү камсыздоо максатында, “Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, “Кыргыз  Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин жетекчилерине (мындан ары – пилоттук министрликтер) бюджеттик программаларды ишке ашыруунун алкагында 2019-жылдын 1-январынан тартып 2021-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилге төмөнкүдөй укуктар берилсин:

бекитилген штаттык сандын чегинде зарыл болгон штаттык бирдиктердин санын жана түзүмүн бюджеттик программаларга карата өз алдынча аныктоого;

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен макулдашуу боюнча бир айлык мөөнөттө эмгек акы фондунун чегинде бюджеттик программалардын жана бюджеттик чаралардын натыйжалуулук индикаторлорунун максаттуу көрсөткүчтөрүнө жеткендиги үчүн кызматкерлердин жана жумушчулардын кызматтык маянасын (же кызматтык маянага үстөк акыларын) эсептөөдө колдонулуучу эселик коэффициентти белгилөө үчүн болгон бош кызмат орундарынын жана штаттык санды оптималдаштыруунун натыйжасында үнөмдөлгөн эмгек акы фондунун каражаттарын пайдалануу жана чыгымдоо тартибин бекитүүгө;

- квартал сайын, отчеттук  мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине пилоттук долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берүүгө.

2. Кыргыз Республикасынын пилоттук министрликтеринин жетекчилеринин бюджеттик программада каралган милдеттерди ишке ашыруунун алкагында кабыл алынган чечимдери үчүн жеке жоопкерчилиги белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги квартал сайын,   отчеттук  мезгилден кийинки айдын 20сынан кечиктирбей пилоттук долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү  жөнүндө  маалыматты жалпыласын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө, курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                             М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу