Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-февралындагы № 91 “Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбор жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
“Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө”, “Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-февралындагы № 91 “Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбор жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбор жөнүндө жободо:
- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбор (мындан ары - СМБ) стандартташтыруу жана метрология боюнча улуттук органдын функцияларын ишке ашыруучу Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук мамлекеттик мекемеси болуп саналат.”;
- мамлекеттик тилдеги тексттин 3-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“СМБ белгиленген тартипте банктарда, казыналык системасында алыш-бериш жана башка эсептерди ачууга укуктуу.”;
- II, III жана IV главалары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“
II. СМБнын максаттары
6. СМБнын негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- эл аралык эрежелерге жана сунуштарга ылайык стандартташтыруунун улуттук системасын түзүү жана өнүктүрүү;
- ченөө бирдейлигин камсыз кылуу, улуттук эталондук базаны өнүктүрүү жана колдоо;
- адамдардын өмүрүн жана ден соолугун; айлана-чөйрөнү; жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү коргоо максатында коомдун коопсуздугун камсыз кылууга көмөк көрсөтүү;
- энергетикалык натыйжалуулукту жогорулатууга жана ресурстарды үнөмдөөгө көмөк көрсөтүү.
III. СМБнын милдеттери
7. СМБнын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- илимий-техникалык өсүшкө өбөлгөлөрдү түзүү;
- илимдин, техниканын жана технологиялардын өнүгүү деңгээлине ылайык продукциянын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу;
- табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу тобокелдигинин даражасын эске алуу менен объекттердин коопсуздук деңгээлин жогорулатуу;
- ресурстарды сарамжалдуу жана рационалдуу пайдаланууга көмөк көрсөтүү;
- техникалык регламенттердин талаптарын сактоого көмөк көрсөтүү;
- техникалык жана маалыматтык шайкештикти, ченөөлөрдүн жана сыноолордун натыйжаларын салыштырууну, продукциянын өз ара алмашуусун камсыз кылуу;
- калктын өмүрүнүн, ден соолугунун, ошондой эле жаныбарлардын саламаттыгынын жана өсүмдүктөрдүн өсүшүнүн, жеке жана юридикалык жактардын мүлкүнүн, мамлекеттик жана муниципалдык мүлктүн, айлана-чөйрөнүн коопсуздук деңгээлин жогорулатуу;
- Кыргыз Республикасында ченөө бирдейлигин камсыз кылуу үчүн метрология боюнча иштерди жүргүзүү;
- ченөө системасын Эл аралык бирдик системасына (БС) шайкеш келтирүүнү камсыз кылуу.
IV. СМБнын функциялары
8. СМБ өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
а) стандартташтыруу жаатында:
- стандартташтыруунун улуттук системасын улуттук экономиканын кызыкчылыктарына, илимди, техниканы жана технологияларды өнүктүрүү деңгээлине шайкеш келтирүүнү камсыздоо боюнча иштерди жүргүзүү;
- стандартташтыруу жаатында ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу;
- стандарттарды иштеп чыгууга, бекитүүгө жана колдонууга ылайыктуу Жоопкерчиликтүү практика кодексинин негизинде, Соодадагы техникалык тоскоолдуктар боюнча макулдашууга (Марракеш шаары, 1994-жылдын 15-апрели) ылайык стандарттарды, эрежелерди, жол-жоболорду жана сунуштарды иштеп чыгуу, кабыл алуу жана колдонуу тартибин белгилөө;
- Кыргыз Республикасынын улуттук стандарттарын жана стандартташтыруу боюнча башка документтерин белгиленген тартипте бекитүү, жокко чыгаруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу боюнча улуттук документтери катары эл аралык, региондук стандарттарды жана башка өлкөлөрдүн улуттук стандарттарын, чет мамлекеттердин эрежелеринин региондук жыйнактарын кабыл алуу методдорун белгилөө;
- улуттук стандарттарды иштеп чыгуунун программасын түзүү жана бекитүү;
- улуттук стандарттарды бекитүү;
- Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттер аралык стандарттарын, техникалык регламенттерин жана Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарын сактоону камсыздоочу стандарттардын тизмесин иштеп чыгууга жана аларга экспертиза жүргүзүүгө катышуу;
- стандартташтыруу боюнча документтерди эл аралык жана региондук ченемдерге шайкеш келтирүү;
- стандартташтыруу, метрология, сертификациялоо жаатында макулдашуулардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышуу;
- улуттук стандарттардын жана стандартташтыруу боюнча башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгууну жана аларга экспертиза жүргүзүүнү уюштуруу;
- улуттук стандарттарды, стандартташтыруу боюнча эрежелерди жана сунуштарды, эл аралык жана региондук стандарттарды, чет өлкөлөрдүн улуттук стандарттарын жана алдын ала улуттук стандарттарды эсепке алуу жана алардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо;
- стандартташтыруу боюнча техникалык комитеттерди түзүү жана алардын иштөө тартибин бекитүү, алардын ишин уюштуруу жана ишин координациялоо;
- улуттук стандартка шайкештик белгисинин сүрөтүн иштеп чыгуу жана бекитүү;
б) метрология жаатында:
- республиканын экономикасын өнүктүрүүдө ченөөнүн жана стандарттардын ролун чыңдоо үчүн Эл аралык бирдик системасына (БС) ченөө системасын шайкеш келтирүүнү камсыздоо боюнча иштерди жүргүзүү;
- чоӊдук бирдиктеринин улуттук эталондорун сактоо жана өркүндөтүү, Эл аралык бирдик системасынын (БС) негизги жана туунду чоӊдук бирдиктеринин өлчөмдөрүн чыгаруу жана берүү;
- ченөө каражаттарынын тибин текшерүү, калибровкалоо, бекитүү, ченөөнү аткаруу методикаларын аттестациялоо боюнча чарбакер субъекттерге метрологиялык кызматтарды көрсөтүү;
- стандарттык үлгүлөрдү бекитүү;
- ченөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн мамлекеттик реестрин жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык метрологиялык иштердин жыйынтыктарын таануу боюнча иштерди жүргүзүү;
- калибровкалоонун жана ченөөнүн улуттук эталондорун жана сертификаттарын эл аралык таанууну камсыздоо үчүн эл аралык, региондук жана улуттук деӊгээлде эталондорду салыштырып текшерүүгө катышуу;
- ченөө каражаттарынын тибин бекитүү же текшерүү максатында ченөө каражаттарына сыноо жүргүзүү же стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоо укугун берүү жана кайра чакыртып алуу боюнча иштерге катышуу;
- метрология жаатындагы илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү;
- эл аралык метрология уюмдары жана башка өлкөлөрдүн метрология боюнча улуттук органдары менен ченөө бирдейлигин камсыздоо жаатында маалымат алмашуу;
в) шайкештикти баалоо жаатында:
- продукцияны, кызмат көрсөтүүлөрдү, персоналды жана менеджмент системасын сертификациялоо боюнча органдын функцияларын ишке ашыруу;
- шайкештикти ырастоо боюнча иштерди жүргүзүүдө продукцияны (кызмат көрсөтүүнү) сыноо;
- мамлекеттик органдарды, юридикалык жана жеке жактарды изилденүүчү объектилердин (материалдардын, продуктулардын, процесстердин) шайкештикти баалоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын, техникалык регламенттердин, стандарттардын, эрежелердин же контракттардын талаптарына шайкеш келиши (шайкеш эместиги) жөнүндө маалыматтар менен камсыздоо максатында алардын өтүнмөлөрүнүн негизинде сан, сапат, коопсуздук параметрлери боюнча изилдөөлөрдү, сыноолорду, экспертизаларды жүргүзүү;
- мамлекеттик башкаруу органдарынын, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча коомдук уюмдардын, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардын өтүнмөлөрү жана суроо-талаптары боюнча келишимдик негизде тестирлөө боюнча кызматтарды жана башка технологиялык кызматтарды көрсөтүү;
- тиешелүү сыноолорду, экспертизаларды, ченөөлөрдү жүргүзүү менен тобокелдиктерди талдоо жана критикалык контролдук чекиттерди аныктоо принциптеринин (ХАССП) системасынын элементтери киргизилүүгө тийиш тамак-аш азыктарын даярдоо боюнча ишканалардын өндүрүштүк процесстерине келишимдик негизде катышуу;
- сапат боюнча Кыргыз Республикасынын сыйлыктарын изденүүгө конкурс өткөрүү боюнча иштерди уюштуруу;
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жаатындагы жетишкендиктер үчүн сыйлыгын изденүүгө конкурс өткөрүү боюнча иштерге катышуу;
- сапат менеджменти системаларын, анын ичинде тамак-аш азыктарынын коопсуздук менеджменти системаларын сертификациялоо боюнча органдын ишин уюштуруу;
г) маалыматтык камсыздоо жаатында:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипке ылайык Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фондун (мындан ары - фонд) түзүү жана жүргүзүү, техникалык регламенттерди, стандарттарды жана фонддун маалыматтык продукцияларын басып чыгаруу жана керектөөчүлөрдү камсыз кылуу;
- улуттук стандарттарды жана стандартташтыруу, метрология, шайкештикти баалоо боюнча башка документтерди, башка өлкөлөрдүн улуттук стандарттарын басып чыгаруу жана кайра басып чыгаруу, анын ичинде чет тилдеринде, көчүрмөсүн чыгаруу жана таркатуу, ошондой эле юридикалык жактарга ушул иштерди жүргүзүүгө укук берүү;
- эл аралык, региондук уюмдардын жана чет өлкөлөрдүн улуттук органдарынын стандарттарын, жана жол-жоболук документтеринин жетектөөчү принциптерин которуу;
- Соодадагы техникалык тоскоолдуктар боюнча макулдашуунун (Марракеш шаары, 1994-жылдын 15-апрели) жана “Алиментариус кодекси” ведомстволор аралык комиссиясынын маалыматтык кызматынын (Улуттук байланыш пунктунун) жоболорун аткарууну камсыз кылуу үчүн стандартташтыруу боюнча улуттук маалыматтык кызматтын функцияларын аткаруу;
- стандартташтыруу, метрология, менеджмент системасы, жана шайкештикти баалоо жаатында консалтинг боюнча кызматтарды көрсөтүү;
- стандартташтыруу, метрология, шайкештикти баалоо (ырастоо) жаатындагы иштерди жүргүзүү жана СМБнын компетенциясына кирген жана башка маселелер боюнча кызматтарды көрсөтүү;
- документтер менен маалыматтык камсыздоо, кызматтарды көрсөтүү, СМБнын иши менен байланышкан маселелер боюнча окутуу;
- стандартташтыруу, метрология жана коопсуздук менеджменти жана сапат маселелери, ошондой эле бул тармакка тиешелүү башка маселелер боюнча адистердин квалификациясын жогорулатуу курстарын жана бардык тараптар - мамлекеттик, ошондой эле жеке сектордун өкүлдөрү үчүн башка окутуучу сабактарды уюштуруу;
- стандартташтыруу, метрология, менеджмент системасы, сыноо жана шайкештикти баалоо жаатында адистердин стажировкаларын уюштуруу жана өткөрүү;
д) эл аралык кызматташтык жаатында:
- стандартташтыруу, метрология жаатында жана бул багыттарга байланышкан башка тармактарда, анын ичинде Министрлик менен макулдашуу боюнча эки тараптуу жана көп тараптуу макулдашуулардын жана келишимдердин негизинде иштеген эл аралык, региондук уюмдар жана чет өлкөлөрдүн улуттук органдары менен кызматташуу;
- Министрлик менен макулдашуу боюнча, СМБнын ыйгарым укуктарынын чегинде стандартташтыруу жана метрология боюнча региондук жана эл аралык уюмдарда Кыргыз Республикасын атынан чыгуу. ”;
- мамлекеттик тилдеги текстинде:
9-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“9. СМБ функцияларын ишке ашыруу үчүн өз компетенциясынын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:
- СМБнын компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук базасын өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- СМБга жүктөлгөн милдеттерди чечүү үчүн Министрлик менен макулдашуу боюнча координациялык жана кеңешүүчү (кеңештерди, комиссияларды, топторду), анын ичинде ведомстволук органдарды түзүүгө;
- экспертизаларды, сыноолорду жана консультацияларды жүргүзүү үчүн Министрлик менен макулдашуу боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын, эл аралык, өкмөттүк эмес жана коомдук уюмдардын адистерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди тартууга;
- жарандардын өмүрүнүн, ден соолугунун же мүлкүнүн коопсуздугун, айлана-чөйрөнү коргоону камсыз кылуу боюнча талаптарга жооп бербеген ченемдик укуктук актыларды жокко чыгаруу, колдонуу мөөнөтүн чектөө же кайра кароо жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте киргизүүгө;
- келишимдердин жана келишимдин күчүнө ээ башка документтердин негизинде шайкештикти ырастоо, ченөө бирдейлигин камсыз кылуу, сыноолорду жүргүзүү, адистерди даярдоо жаатында чарбакер объекттерге акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүгө;
- бөлүнгөн мамлекеттик бюджеттик каражаттарды чыгымдардын түрлөрү боюнча алардын багытталышына ылайык бөлүштүрүүгө;
- СМБнын компетенциясына кирген маселелер боюнча эл аралык, улуттук жана региондук уюмдар менен келишимдерди түзүү жөнүндө Министрликке сунуштарды киргизүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлгөн иштерге (кызмат көрсөтүүлөргө) бааларды жана тарифтерди иштеп чыгууга жана колдонууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, эл аралык стандарттарга, ченемдерге жана эрежелерге каршы келбеген негизги функцияларды аткарууда коштолуучу башка иштерди жүргүзүүгө жана кызматтарды көрсөтүүгө;
- стандартташтыруу, сертификациялоо жана метрология жаатында тренингдерди, семинарларды, стажировкаларды жана адистерди окутуунун башка түрлөрүн келишимдик негизде жүргүзүүгө;
- СМБнын башкаруу схемасына кирген аймактык жана ведомстволук бөлүнүштөрдү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө сунуштарды Министрликке киргизүүгө, ошондой эле алардын ишин жетектөөгө жана контролдоого;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарды ишке ашырууга.”;
10-пунктундагы “Борбор” деген сөз “СМБнын кызматкерлери” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
13-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“13. СМБнын директору:
- СМБнын, анын ведомстволук жана аймактык бөлүктөрүнүн ишин жалпы жетектейт;
- СМБга жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- белгиленген штаттык сандын жана эмгек акы төлөө фондунун чегинде СМБнын түзүмүн жана штаттык ырааттамасын Министрликке бекитүүгө берет;
- СМБнын кызматкерлерин, ведомстволук жана аймактык бөлүктөрүнүн жетекчилерин белгиленген тартипте кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
- СМБнын, ведомстволук жана аймактык бөлүктөрүнүн кызматкерлерин белгиленген тартипте тартиптик жазага тартат;
- белгиленген тартипте СМБнын, ведомстволук жана аймактык бөлүктөрүнүн айырмаланган кызматкерлерин сыйлайт, ошондой эле мындай кызматкерлерге ардак наамдарды ыйгаруу, Кыргыз Республикасынын ведомстволук жана мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө Министрликке сунуштарды киргизет;
- өз компетенциясынын чегинде СМБнын кызматкерлеринин аткаруусу үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат жана тапшырмаларды берет;
- Министрликке квартал сайын СМБнын аткарган иштери жөнүндө отчетторду жиберет;
- мамлекеттик органдарда жана башка уюмдарда СМБнын кызыкчылыктарын коргойт;
- СМБнын ведомстволук жана аймактык чарбалык эсептеги бөлүнүштөрүнүн жобосун, түзүмүн жана штаттык ырааттамасын бекитет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык СМБнын ишин жетектөө боюнча башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды ишке ашырат.”.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ж.Исаков