Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн автомобиль жана суу транспорту чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция менен Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин функцияларын бөлүштүрүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 136 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө жободо:
- 6 - пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“- продукцияга (объекттерге) жана/же алар менен байланышкан өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, эксплуатациялоо, сактоо, ташуу, пайдалануу, сатуу, көмүү, жайгаштыруу жана утилдештирүү процесстерине карата механикалык, сейсмикалык, өрткө каршы, экологиялык, суу, өнөр жай, энергетикалык, биологиялык, химиялык жана радиациялык коопсуздук, ошондой эле дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын, темир жол көчмө курамынын, темир жол транспортунун инфраструктурасынын, айыл чарба, токой чарба тракторлорунун жана алардын чиркегичтеринин, чакан кемелердин коопсуздугу боюнча ченемдик укуктук актылардын, техникалык регламенттердин талаптарынын сакталышын мамлекеттик контролдоо жана көзөмөлдөө;”;
- 7 - пунктунда:
1 - пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма бешинчи абзац менен толукталсын:
“- дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын, темир жол көчмө курамынын, темир жол транспортунун инфраструктурасынын, айыл чарба, токой чарба тракторлорунун жана алардын чиркегичтеринин, чакан кемелердин коопсуздугу боюнча техникалык регламенттердин, ченемдик-укуктук актылардын, стандарттардын жана ченемдердин талаптарынын.”;
2 - пунктча төмөнкүдөй мазмундагы жыйырманчы абзац менен толукталсын:
“- “Чакан кемелердин коопсуздугу жөнүндө” Бажы бирлигинин Техникалык регламентинин талаптарына жооп берген чакан кемелердин классификациясы жөнүндө күбөлүктөрдүн бирдиктүү реестрин жүргүзөт;”.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 68 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги алдындагы Автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттиги жөнүндө жободо:
- 10-пунктунун бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“- юридикалык жана жеке жактардын автомобиль жана суу транспорттору менен ташуу боюнча автомобиль транспорту жана лицензиялык-уруксат берүүчү система чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоону камсыздоо.”;
- 11-пунктунда:
2-пунктчасынын жетинчи абзацындагы “транспорттук мыйзамдарына” деген сөздөр “автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү мыйзамдарына” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3-пунктчасында:
экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“- автомобиль жана суу транспорттору менен ташуу боюнча автомобиль транспорту жана лицензиялык-уруксат берүүчү система чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоону контролдоо;”;
төртүнчү абзацындагы “транспорттук жана лицензиялык мыйзамдарды,” деген сөздөр алып салынсын;
бешинчи абзацындагы “транспорттук мыйзамдардын” деген сөздөр “автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 13-пунктунда:
экинчи абзацындагы “Кыргыз Республикасынын лицензиялык мыйзамынын” деген сөздөр “автомобиль жана суу транспорттору менен ташуу боюнча автомобиль транспорту жана лицензиялык-уруксат берүүчү система чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
бешинчи абзацындагы “Кыргыз Республикасынын транспорттук мыйзамын” деген сөздөр “автомобиль жана суу транспорттору менен ташуу боюнча автомобиль транспорту жана лицензиялык-уруксат берүүчү система чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ж.Исаков