КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-январындагы № 63 токтому

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы “Кыргызжолтрансдолбоор” долбоорлоо-изилдөө институту”  мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө 

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү  жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы “Кыргызжолтрансдолбоор” долбоорлоо-изилдөө институту”  мамлекеттик ишканасынын уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Премьер-министр                                                                                            С.Ж.Исаков