КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы № 54 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 «Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 95, 101, 102, 105, 128, 135, 148, 153, 157, 158, 163, 176, 180, 213, 229, 232-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө»  токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 «Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 95, 101, 102, 105, 128, 135, 148, 153, 157, 158, 163, 176, 180, 213, 229, 232-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бажылык коштоо жөнүндө жободо:

-       1-пункттагы «бажы органынын» деген сөздөр «бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын» деген сөздөргө алмаштырылсын;

-       төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:

«21. Ушул Жободо колдонулуучу негизги терминдер жана түшүнүктөр Евразия экономикалык бирлигинин бажы мыйзамында жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген мааниде колдонулат.»;

-       3 жана 4-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«3. Бажылык коштоо менен байланышкан кызмат адамдарынын иш-аракеттеринин регламенти бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) тарабынан белгиленет.

4. Товарларды ташуучу транспорт каражаттарын бажылык коштоо бажы транзитинин бажылык жол-жобосуна ылайык кызмат адамдары тарабынан жүзөгө ашырылат.»;

-       9-пунктта:

биринчи абзацындагы «бажы иши чөйрөсүндө» деген сөздөр алып салынсын;

экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Товарларды ташуучу транспорттун туруп калуусун болтурбоо максатында БКАПнын иши күнү-түнү режиминде жүзөгө ашырылууга тийиш.»;

-       10-пункттун экинчи абзацындагы «бажы иши чөйрөсүндө» деген сөздөр алып салынсын;

-       11-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

«Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын борбордук аппаратынын кызмат адамдарын тартууда бажылык коштоону уюштуруу тууралуу чечим ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси же анын орун басары тарабынан буйрук түрүндө кабыл алынат.»;

-       12-пункт төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:

«- бажы кезметин алмаштыруу пункту (зарыл болгон учурда);».

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                            С.Ж.Исаков

Тиркемелер

Басып чыгаруу