КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 14-февралындагы № 92 токтому

“Айыл чарбасын каржылоо – 6” долбоорун бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын ишкер субъекттерине жана жеке адамдарына 2018-жылдын жазгы талаа жумуштарын өз убагында жүргүзүү жана мал чарбачылыгын, өсүмдүк өстүрүүчүлүктү жана айыл чарба кооперациясын мындан ары өнүктүрүү үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1836-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жаңы доорго кырк кадам” программасынын алкагында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. “Айыл чарбасын каржылоо – 6” долбоору тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:

- “Айыл чарбасын каржылоо – 6”долбоорун ишке ашырууга катышкан коммерциялык банктар жана адистештирилген финансылык-кредиттик мекемелер менен пайыздык ставкаларды субсидиялоо жөнүндө тиешелүү макулдашууларды түзсүн;

- Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджетинин каражаттарынан субсидиянын биринчи траншын каржыласын;

- “Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунда субсидиялардын экинчи жана үчүнчү транштарын каржылоо үчүн зарыл каражаттарды карасын.

3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги “Айыл чарбасын каржылоо – 6” долбоорунун натыйжалуулугуна талдоо жүргүзсүн жана жыйынтыгын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна берсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө, экономика жана инвестициялар бөлүмүнө, агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Премьер-министр                                                                                           С.Ж.Исаков