КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 8-февралындагы № 81 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтү токтом кылат:

  1. “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси” мекемеси мүлк комплекси катары 3,087 га аянттагы жер участогу, 31 бирдиктен турган штаттык саны, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин оперативдүү башкаруусуна өткөрүп берилсин.
  2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 236 “Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

-       жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин башкаруу схемасы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-ноябрындагы № 633 “Ата-Бейит” мемориалдык комплексин мамлекеттик менчикке кабыл алуу жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 2-пунктунун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

- 3-пунктундагы “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 4-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“4. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети”.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-августундагы № 468 “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин уставында:

-  бүткүл тексти боюнча “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы” деген ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү сөздөр “Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

-   8-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“8. “Ата-Бейит” комплексинин юридикалык толук аталышы:

- мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси”;

- расмий тилде: “Национальный историко-мемориальный комплекс “Ата-Бейит” при Министерстве культуры, информации и туризма Кыргызской Республики.”.

5. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы (макулдашуу боюнча) “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексин кайтарууну камсыздасын.

6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексин 2018-жылга каралган каражаттардын чегинде каржылоону камсыздасын.

7. Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объектини оперативдүү башкаруу укугун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине каттасын.

8. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

9. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмү менен билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.


Премьер-министр                                                                      С.Ж.Исаков