Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
- 2-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 4-пунктунда:
бешинчи абзацы “методикаларды” деген сөздөн кийин “, тартиптерди” деген сөз менен толукталсын;
алтынчы абзацы “методикаларды” деген сөздөн кийин “, тартиптерди, концепцияларды” деген сөздөр менен толукталсын;
- 6-пункту төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:
“- юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) каттоо арызынын формаларын.”;
- 7-пунктунда:
мамлекеттик тилдеги текстинин төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“- мамлекеттик сектордо финансылык башкаруу, ички контролдоо жана ички аудит боюнча стандарттарды жана методологиялык документтерди;”;
расмий тилдеги текстиндеги алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
жыйырма экинчи жана жыйырма үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“- мамлекеттик сектордун ички аудиторлорун сертификациялоону;
- мамлекеттик башкаруу секторунун органдарынын тобокелдиктерин баалоо жана башкаруу боюнча колдонмону;”;
төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма төртүнчү абзац менен толукталсын:
“- салыктык эмес кирешелер боюнча отчеттуулуктун формаларын.”;
- 10-пункту төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
“- Шайкештиги милдеттүү түрдө тастыкталган продукцияга шайкештиги жөнүндө катталган декларациялардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү тартибин.”;
- 11-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
“- базистик бааларды эсептөө методикасынын негизинде дары-дармек менен жеӊилдетип камсыз кылуу программаларынын чөйрөсүндө жүзөгө ашырылуучу дары-дармек каражаттарына базистик бааларды.”;
- 13-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма алтынчы - отуз биринчи абзацтар менен толукталсын:
“- карантинге алынган объекттерди газациялоо ыкмасы менен зыянсыздандыруу иштерин жана аларды дегазациялоо боюнча иштерин жүргүзүү жөнүндө жоболорду;
- карантиндик фитосанитардык зыянсыздандыруу боюнча иштердин түрлөрүн;
- жыгач таңгактоочу же бекитүүчү материалдарды маркалоо тартибин жана аны түшүрүү ыкмаларын;
- зыяндуу организмдерди аныктоо жана идентификациялоо боюнча методикалык көрсөтмөлөрдү;
- карантинге алынган объекттерде жөнгө салынуучу зыяндуу организмдерди табууга карантиндик фитосанитардык зонаны жана карантиндик фитосанитардык режимди белгилөөгө багытталган карантиндик фитосанитардык текшерүү жүргүзүү боюнча методикалык көрсөтмөлөрдү;
- карантинге алынган продукцияларды жана объекттерди текшерип кароо боюнча нускамаларды;”;
- төмөнкүдөй мазмундагы 13¹-пункту менен толукталсын:
“13¹. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:
- топторго киргизилүүчү аймактардын, жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизилүүчү уюмдардын тизмесин;
- авариялык - куткаруучу иштердин кошумча түрлөрүнүн тизмесин жана авариялык - куткаруучу кызматтарды, авариялык - куткаруучу кошуундарды аттестациялоонун тартибин.”;
- 16-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма үчүнчү - жыйырма бешинчи абзацтар менен толукталсын:
“- жылуулук менен жабдуучу системаларына технологиялык кошулуу эрежелерин;
- электр, жылуулук энергиясынын жана жаратылыш газынын жоготууларынын ченемдерин эсептөөнүн методикасын;
- республикалык бюджеттен каржыланган уюмдардын электр, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын керектөөнүн лимиттерин түзүү методикасын;”;
- 20-пункту төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы - он биринчи абзацтар менен толукталсын:
“- энергетикалык компаниялардын финансы-экономикалык ишинин көрсөткүчтөрү боюнча отчеттуулуктун формаларын толтуруу боюнча нускаманы;
- төмөнкү тизмеге ишканаларды (уюмдарды) киргизүүнүн тартибин:
электр энергиясын ири керектөөчүлөр;
электр энергиясын керектөөчүлөр-алып сатуучулар;
электр энергиясын дүңүнөн сатып алуучулар-сатуучулар;
- электр, жылуулук энергиясынын жана жаратылыш газынын жоготууларынын ченемдерин.”;
- 21-пунктунда:
бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү абзац менен толукталсын:
“- дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен дене тарбия - ден соолукту чыңдоо жана спорттук багыттагы расмий коомдук бирикмелердин ортосундагы өз ара мамилелер тартибин.”;
- 22-пунктунда:
расмий тилдеги текстинин биринчи абзацы “среды” деген сөздөн кийин “и лесного хозяйства” деген сөздөр менен толукталсын;
экинчи абзацы “токой” деген сөздөн кийин “, аңчылык” деген сөз менен толукталсын;
- 23-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
“- жазаларды аткаруу тутумунун мамлекеттик органынын атайын бөлүнүштөрү жөнүндө жоболорду.”;
- 31-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“- жаныбарларды коргоо, жаныбарларды идентификациялоо, ветеринардык-санитардык жана тамак-аш коопсуздугу жаатында нускамаларды, эрежелерди, жоболорду жана талаптарды.”.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев