КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-январындагы № 68 токтому

Ичүүчү суу менен камсыздоо жагындагы актыларды бекитүү жөнүндө

«Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 221-беренесин, «Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө» Техникалык регламент» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, «Ичүүчү суу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

-   «Чарбалык-ичүү багытындагы суу менен камсыздоо булактарын жана суу өткөргүчтөрдү санитардык коргоо зоналарына карата санитардык-эпидемиологиялык талаптардын» санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери, 1-тиркемеге ылайык;

-   «Борборлоштурулган чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо жана ичүү багытындагы суу өткөргүч системаларына санитардык-эпидемиологиялык талаптар» санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери, 2-тиркемеге ылайык;

-   «Калкты борборлоштурулбаган ичүүчү суу менен камсыздоо булактарына карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар» санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери, 3-тиркемеге ылайык.

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Премьер-министр                                                                     С.Ж.Исаков