Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасын кайра уюштуруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын ишин оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы «Ысык-Көл кемечилиги» мамлекеттик ишканасын ага кошуу жолу менен кайра уюштурулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы «Ысык-Көл кемечилиги» мамлекеттик ишканасынын укук мураскери болуп санала тургандыгы белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 9-августундагы № 436 «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин башкаруу схемасында:
- «Ысык-Көл кемечилиги» мамлекеттик ишканасы» позициясы алып салынсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-декабрындагы № 687 «Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин ведомстволук уюмдарынын маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын уставында:
- 1-пункту «ишин координациялоо» деген сөздөрдөн кийин «, ошондой эле суу транспорту менен жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу жана камсыздоо, кемелерди оңдоо кызматтарын көрсөтүү» деген сөздөр менен толукталсын;
- 3-пункту «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын» деген сөздөрдөн кийин «жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы «Ысык-Көл кемечилиги» мамлекеттик ишканасынын» деген сөздөр менен толукталсын;
- 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«7. Ишкананын түзүмүнө «Ысык-Көл кемечилиги» жана «Кара-Кече» филиалдары кирет.»;
- 12-пункту төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
«- суу транспорту чөйрөсүндө калкка көрсөтүлүүчү кызматтар рыногун уюштуруу жана өнүктүрүү.»;
- 13-пункту төмөнкүдөй мазмундагы он үчүнчү - он жетинчи абзацтар менен толукталсын:
«- суу транспорту менен көмүрдү ташуу боюнча белгиленген тартипте кызматтарды көрсөтөт;
- жүктөп-түшүрүү иштерин аткарууда жана көмүр продукциясын жеткирүүдө суу, автомобиль жана темир жол транспортунун түрлөрүнүн өз ара аракеттенүүсүн уюштурат;
- кемелерди, баржаларды жана жээктеги курулмаларды оңдоо боюнча иштерди уюштурат;
- жүргүнчүлөрдү суу транспорту менен ташуу боюнча белгиленген тартипте кызматтарды көрсөтөт;
- суу транспорту тарабынан курорттук сезондун мезгилинде туристтик жана сейилдөө кызмат көрсөтүүлөрүн уюштурат.»;
- 14-пункту төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
«- функциялык милдеттерди аткаруу үчүн инвестицияларды тартууга;»;
- 3-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 141-пункт менен толукталсын:
«141. Ишкана белгиленген тартипте филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү ачууга, ошондой эле алардын өндүрүштүк фонддорун түзүүгө укуктуу.»;
- 19-пункту төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
«- өндүрүштүк ишти аткарууда экологиялык коопсуздукту камсыздоого, техникалык коопсуздук эрежелерин жана жаратылышты пайдалануунун белгиленген режимин сактоого;».
5. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасын кайра уюштурууда өткөрүп берүү актыларын бекитүүгө Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине ыйгарым укук берилсин.
6. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы «Ысык-Көл кемечилиги» мамлекеттик ишканасын кабыл алууда жана өткөрүп берүүдө Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине көмөк көрсөтсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 62 «Мамлекеттик ишканаларды башкарууну өркүндөтүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- төмөнкүдөй мазмундагы 18-пункт менен толукталсын:
«18. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы 2017-жылдагы иштин жыйынтыктары боюнча таза пайданын 50 пайызын республикалык бюджетке төлөөдөн бошотулсун.
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы:
- бошогон каражаттарды «Ысык-Көл кемечилиги» филиалын өнүктүрүүгө жумшасын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго жана Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине 2017-жылдагы иштин жыйынтыктары боюнча таза пайданын республикалык бюджетке которулууга тийиш болгон 50 пайызынын пайдаланылышы жөнүндө отчет берсин.».
8. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 402 «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы «Ысык-Көл кемечилиги» мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
10. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
11. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ж.Исаков