“Ысыката районунун К.Айдарбеков атындагы орто мектеби” мекемесинин имаратын Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө
«Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Узун-Кыр айыл аймагынын Жер-Казар айылындагы Айдарбеков көчөсү №11 дарегинде жайгашкан “Ысыката районунун К.Айдарбеков атындагы орто мектеби” мекемесинин имаратын Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берсин.
2. Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Узун-Кыр айыл өкмөтүнө төмөнкүлөрдү белгиленген тартипте аткаруу сунушталсын:
- ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объектти муниципалдык менчикке кабыл алуу;
- жогоруда көрсөтүлгөн объектти кайра мамлекеттик каттоодон өткөрүү, сакталышын жана максаттуу багыты боюнча пайдаланууну камсыздоо.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу иштери жана аймактык башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ж. Исаков