КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 48 токтому

Кылмыштар менен окуялар жөнүндө арыздарды жана билдирүүлөрдү  каттоонун, эсепке алуунун жана кыймылынын бирдиктүү тартиби тууралуу жобону жана Жазык ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган кылмыштарды, жазык иштерин жана материалдарды бирдиктүү эсепке алуу тууралуу жобону бекитүү жөнүндө

         Кылмыштарды эсепке алуунун мамлекеттик системасынын иштөөсүн, кылмыштуулуктун абалы жөнүндө маалыматтарды мамлекеттик статистикалык байкоо формаларындагы бирдейликти жана толук чагылдырууну камсыз кылуу, ошондой эле кылмыштарды мамлекеттик каттоонун жана эсепке алуунун бирдиктүү принциптерин ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 155-беренесинин талаптарына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

 1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кылмыштар менен окуялар жөнүндө арыздарды жана билдирүүлөрдү каттоонун, эсепке алуунун жана кыймылынын бирдиктүү тартиби тууралуу жобо, 1-тиркемеге ылайык;     

 - Жазык ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган кылмыштарды, жазык иштерин жана материалдарды бирдиктүү эсепке алуу тууралуу жобо, 2-тиркемеге ылайык.

 2. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жоболордун ченемдерин ишке ашырууга багытталган чараларды көрүү жана алардын аткарылышын көзөмөлдөө ыйгарым укуктарынын чегинде контролдоо сунушталсын.

 3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы эки айлык мөөнөттө:

- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин;

-ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрүшсүн.

4. Жогоруда аталган жоболордо каралган эсепке алуу китептерин, журналдарды жана башка бланктык продукцияларды даярдоо ушул токтомдун 3-пунктунда аталган мамлекеттик органдар тарабынан ишке ашырыла тургандыгы белгиленсин.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана 2019-жылдын 1-январына чейин колдонулат.

Тиркеме

Премьер-министр                                                                    С.Ж.Исаков