Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1836-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жаңы доорго кырк кадам» программасынын алкагында бала төрөлгөндө «балага сүйүнчү» бир жолку жөлөкпулду чектөөнүн жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы:
- Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын Калкты тейлөө борборлорунун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин аймактык бөлүнүштөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын базасында уюштурулган маалыматтык күркөлөрдүн кызматкерлери тарабынан бала төрөлгөндө «балага сүйүнчү» бир жолку жөлөкпулду чектөө жөнүндө жарандардын тиркемеге ылайык форма боюнча арыздарын каттоо боюнча функцияларды аткаруу жана андан ары Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине электрондук форматта өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырышсын;
- бир жумалык мөөнөттө пилоттук долбоордун алкагында электрондук форматта маалымат алмашуу боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн тартибин иштеп чыгып, өздөрүнүн чечимдери менен бекитишсин;
-пилоттук долбоорду ишке ашыруу менен байланышкан уюштуруу-техникалык мүнөздөгү тиешелүү чараларды көрүшсүн;
- калктын арасында пилоттук долбоор өткөрүү жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсүн;
- 2018-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө пилоттун жыйынтыктарын жалпылап, пилоттук долбоор оң жыйынтык берген учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бала төрөлгөндө «балага сүйүнчү» бир жолку жөлөкпулду туруктуу негизде чектөө жөнүндө маселелерди жөнгө салууга багытталган сунуштарды киргизишсин.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- пилоттук долбоор 2018-жылдын 5-февралынан тартып 2018-жылдын 30-апрелине чейин жүзөгө ашырыла тургандыгы;
-пилоттук долбоордун алкагында бала төрөлгөндө «балага сүйүнчү» бир жолку жөлөкпулду чектөө жөнүндө жарандардын арыздарын каттоо жана Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын ортосунда электрондук форматта маалымат алмашуу акысыз негизде жүргүзүлө тургандыгы.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жана курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр С.Ж.Исаков