Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 «Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Спорттук курулмаларды башкаруу жана спорттук камсыздоо» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн өлчөмдөрүн белгилөө максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги №197 «Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- экинчи абзацындагы «23» деген цифралар «231» деген цифралар менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
« - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Спорттук курулмаларды башкаруу жана спорттук камсыздоо» мамлекеттик мекемесинин техникалык жана кенже тейлөөчү персоналынын кызматтык маяналарынын өлчөмдөрү 242 - тиркемеге ылайык;».
- ушул токтомдун 1 жана 2 - тиркемесине ылайык редакциядагы 231 жана 242 - тиркемелер менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик өз чечимдерин эки
айлык мөөнөттө ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ж.Исаков