КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-январындагы № 65 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-майындагы № 215 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Координациялык кеңештин ишин координациялоону, оптималдаштырууну күчөтүү, макроэкономикалык жана инвестициялык саясат чөйрөсүндөгү көйгөйлөрдү чечүү боюнча натыйжалуу чараларды көрүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-майындагы №215 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңештин курамында:

- үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлери, Кеңештин төрагасынын орун басарлары»;

- төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш жөнүндө жободо:

- 2-главасынын онунчу - он экинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;

- 3-главасынын төртүнчү, сегизинчи - онунчу, он бешинчи - он сегизинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;

- 5-главасында:

үчүнчү абзацындагы «Кеңештин катышкан мүчөлөрүнүн жалпы санынын 2/3 кем эмес көпчүлүк добушу менен кабыл алынуучу мамлекеттик тышкы инвестициялардын долбоорлорун жактыруу маселелеринен тышкары» деген сөздөр алынып салынсын;

бешинчи - он төртүнчү абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;

- 6-главасындагы бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр                                                                     С.Ж.Исаков

Тиркемелер

Басып чыгаруу