Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-сентябрындагы№ 432 “Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу курал жана аскердик техниканы транзит алып өтүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу куралды жана аскердик техниканы транзит алып өтүү жагында ченемдик укуктук базаны өнүктүрүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, “Экспорттук контроль жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине жана “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-сентябрындагы № 432 “Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу курал жана аскердик техниканы транзит алып өтүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
токтомдун преамбуласы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу куралды жана аскердик техниканы транзит алып өтүү жаатындагы ченемдик укуктук базаларды өнүктүрүү максатында “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, “Экспорттук контроль жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине жана “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17, 18 жана 20-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:”;
3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.”;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жободо:
- бүткүл текст боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү “Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү “коргоо маселесин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-пунктунун сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“аткаруу бийлигинин компетенттүү органдары – тышкы иштер, улуттук коопсуздук, мамлекеттик чек араны коргоо маселелерин тескеген, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар;”;
- 4-пунктундагы “14 күндөн” деген сөздөр “бардык керектүү документтер менен арыз берилген күндөн тартып 30 (отуз) күндөн” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 6-пунктунда:
- “а” пунктчасындагы “транзиттин катышуучусунун” деген сөздөр “юридикалык жак катары арыз ээсинин” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- “б” пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“б) арыз ээсинин мамлекетинин мыйзамдарына ылайык куралды жана аскердик техниканы алып өтүүгө байланышкан иштин түрүн жүзөгө ашырууга документтин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик/расмий тилдердеги котормосу менен”;
- “в” пунктчасындагы “куралды жана аскердик техниканы экспорттоого/импорттоого уруксат (лицензия), түпкү пайдалануучу жана түпкү пайдалануу жөнүндө маалыматтар” деген сөздөр алып салынсын;
- бешинчи абзацы алып салынсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы “г”, “д”, “е”, “ж” жана “з” пунктчалары менен толукталсын:
“г) куралды жана аскердик техниканы экспорттоого/импорттоого уруксаттын (лицензиянын) күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү”;
д) продукциянын түпкү пайдалануучусу жана түпкү пайдалануу жөнүндө маалыматты ырастоочу документтин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
е) тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасынын (ТЭИ ТН) кодун көрсөтүп, продукциялардын номенклатурасын жана көлөмүн тиркөө менен продукцияны жеткирүү жөнүндө контракттын/келишимдин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү”;
ж) адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна, айлана-чөйрөгө, Кыргыз Республикасынын объекттерине/курулмаларына/имараттарына келтирилиши мүмкүн болгон зыянды толук төлөп берүү жөнүндө арыз ээсинин кепилдигин ырастаган документ;
з) Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу жер үстүндөгү жолдор менен өткөрүлүп жаткан куралды жана аскердик техниканы (коштоо/кароол/адистер) коргоону арыз ээсинин камсыздашын ырастоочу документ.”;
- төмөнкүдөй мазмундагы 61 жана 62-пункттар менен толукталсын:
“61. Эгерде чет мамлекеттин мамлекеттик органы транзиттин катышуучусу болсо, ушул Жобонун 6-пунктунун “а” жана “б” пунктчаларында каралган документтерди берүүнүн зарылчылыгы жок.
Мында адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна, айлана-чөйрөгө, Кыргыз Республикасынын объекттерине/курулмаларына/имараттарына келтирилиши мүмкүн болгон зыяндын ордун толук толтуруп берүү транзитине арыз ээсинин мамлекеттик кепилдигин ырастаган документ берилет.
62. Эгерде Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттин мамлекеттик органы аймагынан тышкары турган анын аскердик түзүлүштөрүнүн жашоо-тирчилигин камсыздоо үчүн курал жана аскердик техниканы жана аскердик багыттагы башка продукцияларды ташууда транзиттин катышуучусу болсо:
- ушул Жобонун 6-пунктунун “а”, “б” жана “е” пунктчаларында каралган документтерди берүүнүн зарылчылыгы жок;
- куралды жана аскердик техниканы экспорттоого-импорттоого ушул Жобонун 6-пунктунун “г” пунктчасында каралган уруксат (лицензия) болбосо, куралды жана аскердик техниканы киргизүү/чыгаруу үчүн негиз болгон арыз ээсинин өлкөсүнүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы берген документтин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү берилет;
- ушул Жобонун 6-пунктунун “в” пунктчасында каралган продукцияны түпкү пайдалануучу/түпкү пайдалануу жөнүндө маалыматты ырастоочу документ болбосо, ташылуучу куралды жана аскердик техниканы түпкү пайдалануу жана түпкү пайдалануучу жөнүндө маалыматты камтыган документтин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү берилет;
- тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы боюнча коддорду көрсөтүү менен куралдар жана аскердик техникалар жөнүндө маалыматтар берилет.
Мында адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна, айлана-чөйрөгө, Кыргыз Республикасынын объекттерине/курулмаларына/имараттарына келтирилиши мүмкүн болгон зыяндын ордун толук толтуруп берүү транзитине арыз ээсинин кепилдигин ырастаган документ берилет.
- 7-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 9-пунктундагы “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети” деген сөздөр “бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 13-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“13. Курал жана аскердик техника транзиттелүүчү өткөрүү пункттарынын тизмесин коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Мамлекеттик чек араны коргоо маселелерин тескеген, бажы иши, транспорт жана жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашат.”.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр С.Ж.Исаков