КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-январындагы № 62 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-октябрындагы № 593 «Кыргыз Республикасынын жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын социалдык пакетин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

  Кыргыз Республикасынын калкынын маалымат алуусун камсыздоо максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-октябрындагы № 593 «Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын социалдык пакетин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пункту «Кыргыз Республикасында» деген сөздөрдөн кийин «2018-2020-жылдарга» деген сөздөр менен толукталсын;

- жогоруда аталган токтомдун тиркемесинин аталышы «Кыргыз Республикасында» деген сөздөрдөн кийин «2018-2020-жылдарга» деген сөздөр менен толукталсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                                     С.Ж.Исаков

Тиркемелер

Басып чыгаруу