КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы № 61 токтому

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келтирүү жана өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 401 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети жөнүндө жободо:

- 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"6. Комитеттин максаттары өнөр жай, отун энергетикалык комплекси жаатында, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай коопсуздугу чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу болуп саналат.";

- 7-пунктунун "а" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"а) өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жаатында жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай коопсуздугу чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугун жогорулатуу;";

- 8-пунктунда:

"а" пунктчасында:

үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- өнөр жай коопсуздугу, жер казынасын, суу-энергетикалык жана отун ресурстарын, энергиянын жаңылануучу булактарын жана өлкөнүн өнөр жайлык потенциалын изилдөө жана сарамжалдуу пайдалануу жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгат жана ишке ашырат;";

"б" пунктчасында:

алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жардыруу иштерин, кен казуу иштерин жүргүзүү укугуна уруксатты берет;";

төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:

"- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жардыруучунун күбөлүгүн берет;";

төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма экинчи абзац менен толукталсын:

"- товарларды кайра иштетүү шарттары жөнүндө корутундуларды берет;";

- "в" пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма төртүнчү абзац менен толукталсын:

"- кен казуу тармагынын ачыктык демилгесинин ишке ашырылышын координациялоону камсыздайт";

- 9-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- белгиленген тартипте өз компетенциясынын алкагында эл аралык келишимдерди түзүүгө жана чет мамлекеттердин тийиштүү ведомстволору, эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, ошондой эле чет элдик юридикалык жактар менен өз ара кызматташуу жөнүндө тийиштүү макулдашууларды, меморандумдарды жана протоколдорду түзүүгө;".

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинин 16-пунктунда:

- жыйырма үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай коопсуздугу чөйрөсүндө:";

- төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма төртүнчү жана жыйырма бешинчи абзацтар менен толукталсын:

"- кен казуу тармагындагы геологиялык отчетторду, нускамаларды, методикалык көрсөтмөлөрдү, колдонмолорду жана коопсуздук боюнча эрежелерди;

- кооптуу өндүрүш объекттеринде коопсуздукту камсыздоо боюнча нускамаларды, колдонмолорду жоболорду жана эрежелерди.".

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Премьер-министр                                                                     С.Ж.Исаков

Тиркемелер

Басып чыгаруу