КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-февралындагы № 63 буйругу

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, биринчи вице-премьер-министринин жана вице-премьер-министрлеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү, 1-тиркемеге ылайык;

- ишин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, биринчи вице-премьер-министри жана вице-премьер-министрлери тейлеген жана координациялаган мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын тизмеги, 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2017-жылдын 2-ноябрындагы № 714 буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.


Премьер-министр                                                               С.Ж.Исаков