КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы № 56 токтому

Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Ишкердик субъекттеринин ишине текшерүү жүргүзүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы № 533 “Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жана ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин аныктоо жөнүндө” токтому;

- “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы № 533 “Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жана ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин аныктоо жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын  27-июнундагы № 347 токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 25-сентябрындагы № 536 “Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жана ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин аныктоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы № 533 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү туураалуу” токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2009-жылдын 2-апрелиндеги № 209 “Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жана ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин аныктоо жөнүндө” “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы № 533 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;

- “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы № 533 “Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жана ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин аныктоо жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-июлундагы № 427 токтому;

- “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы № 533 “Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жана ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин аныктоо жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-сентябрындагы № 592 токтому;

- “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы № 533 “Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жана ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин аныктоо жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-октябрындагы № 639 токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 4-ноябрындагы № 262 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны чыгарууну жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин маселери жөнүндө” токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-январындагы № 4 “Ишкердик субъекттерин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жана ишкердик субъекттерин текшерүүлөрдү өткөрүүгө укуктуу болгон ыйгарым укуктуу органдарды аныктоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы № 533 токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу” токтому;

- “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы № 533 “Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жана ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин аныктоо жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-июнундагы № 358 токтому;

- Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн  2013-жылдын 1-июлундагы № 395 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомуна тиркеменин 14-пункту.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Тиркеме

Премьер-министр                                                                        С.Ж.Исаков