КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 49 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө

 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдери тиркемеге ылайык күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр                                                                                 С.Ж.Исаков