КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 40 токтому

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы «Саймалуу-Таш» мамлекеттик жаратылыш паркынын чек араларынын баяндалышын жана жерлеринин экспликациясын бекитүү жөнүндө

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районун социалдык-экономикалык өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү максатында, «Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы «Саймалуу-Таш» мамлекеттик жаратылыш паркынын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына таандык болгон аянты 75,2 га (алардын ичинен 23,8 га - токой жерлери; 2,9 га - сейрек токой, 48,5 га - жайыт) жер участогу бөлүнүп берилсин.

2. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы «Саймалуу-Таш» мамлекеттик жаратылыш паркынын тышкы чек араларынын баяндалышы, 1-тиркемеге ылайык;

- Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы «Саймалуу-Таш» мамлекеттик жаратылыш паркынын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына таандык болгон аянты 75,2 га (алардын ичинен 23,8 га - токой жерлери; 2,9 га - сейрек токой, 48,5 га - жайыт) жер участогунун чек араларынын баяндалышы, 2-тиркемеге ылайык;

- Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы «Саймалуу-Таш» мамлекеттик жаратылыш паркынын жерлеринин экспликациясы, 3-тиркемеге ылайык.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын  25-майындагы № 249 «Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо районунда Саймалуу-Таш мамлекеттик табигый жаратылыш паркын жана Нарын областынын Нарын районунда Салкын-Төр мамлекеттик жаратылыш паркын уюштуруу жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 2-пунктунун экинчи абзацындагы «24393» деген цифралар «24400» деген цифралар менен алмаштырылсын, «№ 1 тиркемеге ылайык» деген сөздөр алып салынсын;

- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги менен бирдикте белгиленген тартипте Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы «Саймалуу-Таш» мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагында жайгашкан республикалык маанидеги археологиялык эстеликтердин коргоого алынган зонасын аныктоо боюнча иштерди жүргүзсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө, өнөр жай, отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                                   С.Ж.Исаков

Тиркемелер

Басып чыгаруу