Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-сентябрындагы № 559 “Кыргыз Республикасында Айлана-чөйрөнү булгагандык үчүн төлөмдү аныктоо методикасын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында Айлана-чөйрөнү булгагандык үчүн төлөмдү аныктоо методикасында:
5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“5. Ишканалардын бөлүмчөлөрү жана филиалдары башкы ишканадан өзүнчө аймакта жайгашкан учурда, бул бөлүмчөлөр менен филиалдардын булгангандыгы үчүн акыны башкы ишканалар төлөйт. Төлөмдөр республикалык бюджетке келип түшөт.”.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-июнундагы № 400 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин Жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүүнүн республикалык фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин Жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүүнүн республикалык фонду жөнүндө жободо:
4-пунктундагы “атайын” деген сөз “бюджеттик” деген сөз менен алмаштырылсын;
8-пунктунун үчүнчү абзацы “жүргүзүүгө” деген сөздөн кийин “, кабыл алынган социалдык маанилүү чечимдер боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө” деген сөздөр менен толукталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 696 “Кыргыз Республикасында жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүүнүн республикалык жана жергиликтүү фонддорун түзүү жана каражаттарын пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында жаратылышты коргоонун жана токой тармагын өнүктүрүүнүн республикалык жана жергиликтүү фонддорун түзүү жана каражаттарын пайдалануу жөнүндө жободо:
4-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“4. Республикалык фонддун каражаттары республикалык бюджеттин эсебинен жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка булактардан түзүлөт:”;
4-пунктунун экинчи, бешинчи жана алтынчы абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
5-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“5. Жергиликтүү фонддордун каражаттары республикалык бюджеттин эсебинен жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка булактардан түзүлөт:”;
6-пунктунда:
жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“- кабыл алынган социалдык маанилүү чечимдер боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө;”.
он бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-апрелиндеги № 201 “Токой жана аңчылык чарбаларынын, мамлекеттик жаратылыш коруктарынын жана мамлекеттик жаратылыш парктарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
аталышындагы жана преамбуласындагы “Токой” деген сөз “Жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүүнүн республикалык жана жергиликтүү фонддорунун, токой” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1-пунктунда:
төртүнчү абзацы “токой” деген сөздөн мурда “Жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүүнүн республикалык жана жергиликтүү фонддорунун,” деген сөздөр менен толукталсын;
бешинчи абзацы “токой” деген сөздөн мурда “Жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүүнүн республикалык жана жергиликтүү фонддорунун,” деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү жана бешинчи абзацтар менен толукталсын:
“- жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүүнүн республикалык жана жергиликтүү фонддорунун кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмү 11-тиркемеге ылайык;
- жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүүнүн республикалык жана жергиликтүү фонддорунун кызматкерлерине квалификациялык талаптар 21-тиркемеге ылайык;”;
- ушул токтомдун 1 жана 2-тиркемелерине ылайык редакцияда 11 жана 21-тиркемелер менен толукталсын;
- 4-тиркемесинин аталышындагы “Токой” деген сөз “Жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүүнүн республикалык жана жергиликтүү фонддорунун, токой” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-пунктунун биринчи абзацындагы “Токой” деген сөз “Жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүүнүн республикалык жана жергиликтүү фонддорунун, токой” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“3. Жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүүнүн республикалык жана жергиликтүү фонддорунун, токой жана аңчылык чарбаларынын, мамлекеттик жаратылыш коруктарынын жана мамлекеттик жаратылыш парктарынын жетекчилерине жылдын жыйынтыгы боюнча эмгек акы фондунун үнөмдөлгөн каражаттарын Жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүүнүн республикалык жана жергиликтүү фонддорунун, токой жана аңчылык чарбаларынын, мамлекеттик жаратылыш коруктарынын жана мамлекеттик жаратылыш парктарынын кызматкерлерине эмгектин жогорку жана сапаттуу натыйжасы, кесипкөйлүгүн көрсөткөндүгү жана чыгармачылык демилгеси үчүн дем берүүчү төлөөлөргө жумшоого укук берилсин. Мында дем берүүчү төлөөлөрдүн өлчөмү Жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүүнүн республикалык жана жергиликтүү фонддорунун, токой жана аңчылык чарбаларынын, мамлекеттик жаратылыш коруктарынын жана мамлекеттик жаратылыш парктарынын кызматкерлеринин эки орточо айлык эмгек акысынан ашпоого тийиш.”;
- төмөнкүдөй мазмундагы 31-пункт менен толукталсын:
“31. Жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүүнүн республикалык жана жергиликтүү фонддорунун, токой жана аңчылык чарбаларынын, мамлекеттик жаратылыш коруктарынын жана мамлекеттик жаратылыш парктарынын кызматкерлерине, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналына ченемге салынбаган иш күнү, татаалдыгы, сапаты жана натыйжасы үчүн кызматтык маянанын 50 пайызына чейинки өлчөмдө үстөк белгиленсин.”;
- 4-пунктундагы “Токой” деген сөз “Жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүүнүн республикалык жана жергиликтүү фонддорунун, токой” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Токой жана аңчылык чарбаларынын, мамлекеттик жаратылыш коруктарынын жана мамлекеттик жаратылыш парктарынын кызматкерлеринин эмгек стажын белгилөөнүн тартиби жөнүндө жободо:
аталышындагы “Токой” жана 1-пунктундагы “токой” деген сөздөрдүн алдында тийиштүү жөндөмөдөгү “Жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүүнүн республикалык жана жергиликтүү фонддорунун, токой” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“2. Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянасына ай сайын пайыздык үстөк акы алууга укук берүүчү кызматкерлердин иш стажына төмөнкү мезгилдер кошулат:
- Жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүүнүн республикалык жана жергиликтүү фонддорунда, мамлекеттик токой чарба мекемелеринде жана уюмдарында (токойду башкаруу же токой чарба башкармалыгы), токой чарбаларында, мамлекеттик жаратылыш коруктарында жана мамлекеттик жаратылыш парктарында, аңчылык чарбаларында, токойчулуктарда, токойду жайгаштырууда, профилдик институттарда жана алардын бөлүмчөлөрүндө иштеген мезгили;
- эгерде кызматкер аскердик кызматка чакырылганга чейин Жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүүнүн республикалык жана жергиликтүү фонддорунда, токой чарбаларында, мамлекеттик жаратылыш коруктарында жана мамлекеттик жаратылыш парктарында, аңчылык чарбаларында, токойчулуктарда, токой жайгаштырууда иштесе мөөнөттүү анык аскер кызматындагы мезгили;
- эгерде кызматкер чет өлкөгө кетээрдин алдында Жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүүнүн республикалык жана жергиликтүү фонддорунда, токой чарбаларында, мамлекеттик жаратылыш коруктарында жана мамлекеттик жаратылыш парктарында, аңчылык чарбаларында, токойчулуктарда, токой жайгаштырууда иштесе жана жолдо жүрүү убактысын кошпогондо, чет өлкөдөн кайтып келген күндөн баштап эки айдын ичинде ошол эле ишканага же уюмга кайра ишке кирсе чет өлкөдөгү иштеген мезгили;
- Жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүүнүн республикалык жана жергиликтүү фонддорунун кызматкерлерине, мамлекеттик органдарда, ошондой эле мамлекеттик башкаруунун борбордук органдарынын, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун ведомстволук мекемелеринде, уюмдарында жана ишканаларында иштеген мезгили.”.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-декабрындагы № 675 “Кыргыз Республикасынын аймагына чет мамлекеттердин транспорт каражаттары киргенде айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн төлөмдөрдү алуу тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагына чет мамлекеттердин транспорт каражаттары киргенде айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн төлөмдөрдү алуу тартиби жөнүндө убактылуу жободо:
3-пунктундагы “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Казыначылык тутумундагы жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүү фондунун атайын эсебине” деген сөздөр “республикалык бюджетке” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги республикалык бюджеттен жаратылышты коргоо иш-чараларын өнүктүрүүгө, жаратылыш чөйрөсүндөгү жоготууларды калыбына келтирүүгө, биотүрдүүлүктү жана токой экосистемаларын сактоого, токой тармагын жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын өнүктүрүүгө, социалдык маанилүү чечимдердин кабыл алынганы жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарында маалыматтык түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө төлөмдөрдү чегерүү механизмдерин иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
7. Ушул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине тиешелүү жылга каралган каражаттын жана штаттык сандын чегинде жүргүзүлөт.
8. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте жыл сайын Жаратылышты коргоонун жана токой тармагын өнүктүрүүнүн республикалык жана жергиликтүү фонддорун иш жүзүндө келип түшкөн төмөнкү каражаттарды эске алуу менен каржылоону камсыз кылсын:
- жаратылыш ресурстарын пайдалангандыгы үчүн төлөмдөрдү;
- Кыргыз Республикасынын аймагына чет мамлекеттердин транспорт каражаттары киргенде айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн төлөмдөрдү;
- жаратылышты коргоо иштерин каржылоо үчүн жаратылышты пайдалануучулардын максаттуу каражаттарын.
9. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
10. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ж.Исаков