Кыргыз Республикасынын Кесиптик башталгыч билим берүүсүнүн мамлекеттик стандартынын макетин бекитүү жөнүндө
Кесиптик башталгыч билим берүү программаларын түзүү үчүн бирдиктүү мамилени камсыздоо максатында, “Билим берүү жөнүндө”, “Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Кесиптик башталгыч билим берүүсүнүн мамлекеттик стандартынын макети тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ж. Исаков