КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-январындагы № 31 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айлана-чөйрөнү коргоо жагындагы айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Ачык-айкындыкты камсыздоо, коррупциялык тобокелдерди болтурбоо жана ишкердик жүргүзүүгө мамлекеттик жөнгө салуунун таасирин азайтуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 24-июнундагы № 371 “Кыргыз Республикасында мамлекеттик токойлорду коргоо жобосун жана Кыргыз Республикасынын токойлорундагы өрт коопсуздугу эрежелери жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

 жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын токойлорундагы өрт коопсуздугу эрежелеринде:

 - 14-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

 “14. Токойлордо маданий-массалык иш-чараларды өткөрүүчү уюмдарга (туристтик базаларга, балдар лагерлерине, эс алуу үйлөрүнө ж.б.) токой чарбалары тарабынан өрт өчүрүүчү шаймандар менен атайын жабдылган от жагуу жана таштандыны чогултуу үчүн белгиленген токой участокторун пайдаланууга уруксат берилет.”;

 - 15-пункт төмөнкүдөй мазмундагы “з” пунктча менен толукталсын:

 “з) маданий-массалык иш-чараларды өткөрүү үчүн токой участкаларын аныктоо жана өрт өчүрүүчү шаймандар менен камсыздалган от жагуучу жана таштандыларды чогултуучу жерлерди жабдуу.”.

 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-мартындагы № 92 “Кыргыз Республикасындагы жер астындагы сууларды коргоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

 жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы жер астындагы сууларды коргоо жөнүндө жободо:

 - 11-пункттун бешинчи абзацындагы “жер астындагы сууларды сарамжалдуу пайдаланууга,” деген сөздөр алып салынсын;

 - 11-пункттун онунчу абзацындагы “ж.б.” деген сөздөр алып салынсын;

 - 12-пункттун он бешинчи абзацындагы “ж.б.” деген сөздөр алып салынсын.

 3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                                   C.Ж.Исаков

Тиркемелер

Басып чыгаруу