КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-январындагы № 30 токтому

Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик органынын кызматкерлеринин формалык кийими жөнүндө

 Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин 75-беренесине, “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын  10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

 1.  Төмөнкүлөр бекитилсин:

 - Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик органынын кызматкерлеринин формалык кийиминин предметтеринин жана айырмалоо белгилеринин сыпатталышы 1-тиркемеге ылайык;

 -  Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик органынын кызматкерлеринин формалык кийимдерин кийип жүрүү эрежелери 2-тиркемеге ылайык;

 - Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик органынын кызматкерлеринин формалык кийиминин предметтери менен камсыздоо ченемдери 3-тиркемеге ылайык.

 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги:

 -  Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик органынын кызматкерлерин формалык кийиминин предметтери менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине аталган максаттарга тиешелүү финансылык жылга каралган республикалык бюджеттин каражаттарынын чегинде камсыз кылсын;

 -  Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик органынын кызматкерлерин кийип жүрүү мөөнөтүн эске алуу менен формалык кийиминин предметтери менен камсыз кылсын;

 -  Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик органынын кызматкерлеринин формалык кийимин тигүү жана сатып алуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ишке ашырсын.

 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 24-июнундагы № 371 “Кыргыз Республикасында мамлекеттик токой коргоо жана Кыргыз Республикасында токойлордо өрт коопсуздугу эрежелери жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

 - жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында мамлекеттик  токой коргоо жөнүндө жобонун 37-пунктундагы “Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик токой кызматы бекиткен” деген сөздөр “предметтердин сыпатталышын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

 4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-сентябрындагы № 524 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматкерлеринин ведомстволук форма кийими жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

 5.  Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Премьер-министр                                                                                                         С.Ж.Исаков