КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-апрелиндеги № 175 токтому

Кыргыз Республикасында эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө

“Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын эмгектенүү тартиби жөнүндө жобо,  1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө ишке орноштуруу боюнча иштин тартиби жөнүндө жобо, 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 350 “Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестри жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасында колдонуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин тизмесин бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында колдонуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин тизмегинде:

16-пунктундагы:

“Министрликтер жана ведомстволор” деген графадагы “Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитети” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- “Документтердин тизмеси” графасындагы “Чет элдик жумушчу күчтү тартууга уруксат” деген сөздөр алып салынсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-сентябрындагы № 639 “Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын эмгек ишмердигин жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө жумушка орноштуруу боюнча иштерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

  Премьер-министр                                                            М.Д. Абылгазиев