КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы № 23 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралындагы № 129  «Башкаруучу компанияларды тандоо укугун пайдаланбаган камсыздандырылган адамдардын пайдасына түзүлгөн пенсиялык топтоо каражаттарын Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан башкаруунун эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

Пенсиялык топтоо каражаттарын башкаруу үчүн шарттарды оптималдаштыруу жана баалуу кагаздардын рыногун өнүктүрүү максатында, «Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5 жана 19-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралындагы № 129 «Башкаруучу компанияларды тандоо укугун пайдаланбаган камсыздандырылган адамдардын пайдасына түзүлгөн пенсиялык топтоо каражаттарын Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан башкаруунун эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

         Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Башкаруучу компанияларды тандоо укугун пайдаланбаган камсыздандырылган адамдардын пайдасына түзүлгөн пенсиялык топтоо каражаттарын Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан башкаруунун эрежелеринде:

4-пункттагы:

- 1-пунктчасында  «70» деген цифралар «85» деген цифралар менен алмаштырылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 4 жана 5-пунктчалар менен толукталсын:

«4) Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын облигацияларына, пенсиялык топтоолордун наркынын 10 пайызынан ашпаган өлчөмдө;

  5) турак жайга ипотекалык кредит берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган  тарабынан чыгарылган ипотекалык баалуу кагаздарга, пенсиялык топтоолордун наркынын 1 пайызынан ашпаган өлчөмдө.»;

   5-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

«Ошондой эле пенсиялык топтоо каражаттарын ушул Эрежелердин 4-пунктунда каралган мамлекеттик баалуу кагаздарды кошпогондо, жылдык кирешеси жайгаштыруу жөнүндө чечим кабыл алынып жатканда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик ставкасынан төмөн болгон башкаруу объектилерине жайгаштырууга жол берилбейт.».

2, Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                                              С.Ж.Исаков

Тиркемелер

Басып чыгаруу