Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы “Кыргыз жылуулук энерго” мамлекеттик ишканасынын суу менен жабдуучу объекттерин муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районундагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн керектөөчүлөрдү ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча ишинин натыйжалуулугун арттыруу максатында, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17 жана 18-беренелерине, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине караштуу “Кыргыз жылуулук энерго” мамлекеттик ишканасы менен биргеликте, ушул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн суу менен жабдуу объекттерин белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районундагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районундагы Ат-Башы айыл өкмөтүнө төмөнкүлөр сунушталсын:
- ушул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн суу менен жабдуу объекттерин белгиленген тартипте муниципалдык менчикке алсын жана аларды мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөрсүн;
- суу менен камсыздоочу объекттерди максаттык арналышы боюнча гана пайдаланууну камсыздасын;
- суу менен камсыздоочу объекттерди жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен кармасын жана андан ары тейлесин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр С.Ж.Исаков