КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-январындагы № 32 токтому

Этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин «Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-июнундагы № 316 «Этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтуучу продукцияларды өндүрүү жана жүгүртүү көлөмдөрүн декларациялоо тартибин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- преамбуладагы «Этил спиртин жана алкоголдуу продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү» деген сөздөр «Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын  10-июнундагы № 301 «Этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды чыгарууну жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө», «Лицензиялоо жөнүндө», «Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө», «Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу»;

2) преамбула төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Этил спиртин, алкоголдук продукцияларды жана курамында спирт бар продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү натыйжалуу мамлекеттик жөнгө салууну камсыздоо максатында, «Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө», «Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:»;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды чыгаруу жана жүгүртүү чөйрөсүндө мамлекеттик контролдоону ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын лицензиялык комиссиясы жөнүндө жободо:

-11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Документтер этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик контролдоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү түзүмдүк бөлүмү тарабынан алдын ала каралган соң, лицензиялык комиссияга берилет жана «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө», «Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-майындагы № 327 «Этил спиртин өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү (өндүрүү же сатуу максатында сактоо, дүңүнөн жана чекене сатуу) лицензиялоо жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу» токтомунун талаптарына шайкеш келиши керек».

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-январындагы № 26 «Аракка болгон бааларды мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- преамбуладагы «Этил спиртин жана алкоголдуу продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү» деген сөздөр «Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр                                                                         С.Ж.Исаков

Тиркемелер

Басып чыгаруу