КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-январындагы № 33 токтому

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-мартындагы № 177 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана мекемелеринде, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында ички аудит кызматтарын түзүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому

“Ички аудит жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ички аудит кызматтарын натыйжалуу иштетүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтоктом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-мартындагы № 177 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана мекемелеринде, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында ички аудит кызматтарын түзүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолоркиргизилсин:

-1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“1. Төмөнкүлөр:

-Ички аудит кызматынын болушу милдеттүү болгон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тизмеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык;

-Ички аудиторлордун кесиптик деңгээлине карата талаптар ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык бекитилсин.”;

-жогоруда аталган токтомдун тиркемеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

-ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда 2-тиркеме менен толукталсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

Премьер-министр                                                                          С.Ж.Исаков