КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-январындагы №29 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 767 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык жана нөөмөттүк автотранспортту азайтуунун эсебинен мамлекеттик бюджеттин каражатын үнөмдөө боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Эл аралык уюмдар каржылоочу ар түрдүү долбоорлордун линиясы боюнча, ошондой эле гранттардын  жана каржылоонун башка булактарынын эсебинен сатып алынган кызматтык автотранспортту пайдаланууну тартипке келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 767 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык жана нөөмөттүк автотранспортту азайтуунун эсебинен мамлекеттик бюджеттин каражатын үнөмдөө боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- төмөнкүдөй мазмундагы 6¹- пункт менен толукталсын:

«6¹. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, мамлекеттик комиссиялардын жетекчилери:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго эл аралык уюмдар каржылоочу жана алкагында автотранспорт каражаттары сатып алынуучу же берилүүчү  долбоорлордун башталышы жөнүндө маалымат берүүнү камсыздашсын;

- эл аралык уюмдар каржылоочу ар түрдүү долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында, анан ичинде гранттардын жана каржылоонун башка булактарынын эсебинен алынган же берилген, оперативдүү башкарууда же чарбалык карамагында турган, белгиленген лимиттерге кирбеген автотранспорт каражаттарды ал долбоорлор аяктаганда Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын оперативдүү башкаруусуна өткөрүп беришсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

 

Премьер-министр                                                                    С.Ж.Исаков

Тиркемелер

Басып чыгаруу