Программалык негизде бюджеттөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттарын түзүүнүн алкагында Бюджеттик чыгымдардын орто мөөнөттүү стратегиясынын долбоорлорун, ошондой эле республикалык бюджеттин бөлүгү болуп саналган кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонуучу мезгилге программалык негизде бюджеттерди сапаттуу жана өз убагында түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 82, 84, 85 86 жана 87-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
-,Бюджеттик чыгымдардын орто мөөнөттүү стратегияларын түзүү, кароо жана аткаруу тартиби жөнүндө нускама, 1-тиркемеге ылайык;
-,Программалык негизде бюджеттерди түзүү, кароо жана аткаруу тартиби жөнүндө нускама, 2-тиркемеге ылайык;
-,Бюджеттик программалардын жана чаралардын натыйжалуулугунун индикаторлорун аныктоонун тартиби жөнүндө нускама, 3-тиркемеге ылайык.
2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ж.Исаков