Кыргыз Республикасында жеке ветеринардык практиканы жөнгө салуу жөнүндө
“Ветеринария жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 6, 23-26-беренелерин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасында жеке ветеринардык практиканы жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасында ветеринардык врачтарды жана параветеринардык адистерди каттоо/кайра каттоо жана реестрин жүргүзүү жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;
- ветеринария тармагында айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ж.Исаков