КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-апрелиндеги № 163 токтому

Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо органынын штаттык санынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органынын түзүмүн жана штаттык санын оптималдаштыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 «Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинин 24-пунктундагы «28» деген цифралар «38» деген цифралар менен алмаштырылсын.

- жогоруда аталган токтомдун 5-тиркемесинин 4-пункту «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик» деген сөздөрдөн кийин «, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы» деген сөздөр менен толукталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы № 253 «Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинин 24-пунктундагы «20» деген цифралар «10» деген цифралар менен алмаштырылсын.

3. Ушул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматына 2019-жылга жана кийинки жылдарга каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырыла тургандыгы белгиленсин.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы:

- түзүмүн жана штаттык расписаниесин ушул токтомго ылайык келтирсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                              М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу