«Ак-Суу» мамлекеттик комплекстүү заказниги жөнүндө
Биологиялык түрдүүлүктү сактоо жана «Ак-Суу» мамлекеттик комплекстүү заказнигинин чек арасын аныктоо максатында, «Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- «Ак-Суу» мамлекеттик комплекстүү заказнигинин жерлеринин экспликациясы, 1-тиркемеге ылайык;
- «Ак-Суу» мамлекеттик комплекстүү заказнигинин чек араларынын баяндамасы, 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги 2019-жылга чейин «Ак-Суу» мамлекеттик комплекстүү заказнигинде ички чарбалык аңчылыкты уюштурууну толук көлөмдө аяктасын.
3. Чүй облусунун Москва районунун мамлекеттик администрациясы жерлерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ж.Исаков