КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-январындагы № 12 токтому

Кыргыз Республикасында коомдук тамактануу кызмат көрсөтүүлөрүнүн коопсуздугунун деңгээли жөнүндө калкты маалымдоо тууралуу

Республикадагы коомдук тамактануу кызмат көрсөтүүлөрүнүн коопсуздугунун деңгээли жөнүндө калкты маалымдоо системасын түзүү максатында, “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Ишкердик субъекттери тарабынан көрсөтүлүүчү коомдук тамактануу кызматтарынын коопсуздугунун деңгээли жөнүндө калкты маалымдоонун тартиби тууралуу жобо (мындан ары - Жобо) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 2020-жылдын 1-январынан тартып стикерлерди даярдоону бекитилген сметалардын алкагында каржылоону жүзөгө ашырсын.

3. Төмөнкүлөр аныкталсын:

- керектөөчүлөргө коомдук тамактануу кызматтарын көрсөтүүчү ишкердиктин субъекттери тарабынан текшерүүлөрдүн жыйынтыктары Жобого ылайык жеткирилет;

- коомдук тамактануу кызмат көрсөтүүлөрүнүн коопсуздугунун деңгээли жөнүндө калкты маалымдоонун тартиби эки этапта ишке киргизилет:

биринчи этап Бишкек шаарынын жана Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан коомдук тамактануу объекттерин камтыйт, 2018-жылдын 1-апрелинен башталат жана 12 айдын ичинде жүзөгө ашырылат;

экинчи этап республиканын бардык аймагында жайгашкан коомдук тамактануу объекттерин камтыйт жана 2019-жылдын 1-апрелинен башталат.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2018-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.

  

Премьер-министр                                                               С.Ж.Исаков