2017-2021-жылдарга Кыргыз Республикасында АИВ-инфекциясын жеңүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасы жөнүндө
Кыргыз Республикасында АИВ-инфекциясынын жайылышын алдын алуу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-сентябрындагы № 602 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жаңы доорго кырк кадам» программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 100 күндүк иш-чаралар планына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- 2017-2021-жылдарга Кыргыз Республикасында АИВ-инфекциясын жеңүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасы (мындан ары – Программа), 1-тиркемеге ылайык;
- Программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары – Иш-чаралар планы), 2-тиркемеге ылайык;
- Программанын бюджети, 3-тиркемеге ылайык;
- Программаны ишке ашырууга мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн индикаторлорунун матрицасы, 4-тиркемеге ылайык;
- АИВ-инфекциясына каршы күрөшүүнүн алкагында жүзөгө ашырылуучу иш-чараларды мамлекеттик каржылоого өткөрүү боюнча жол картасы, 5-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери, административдик ведомстволору, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- Иш-чаралар планын аткарууга кабыл алышсын;
- жыл сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 1ине чейин Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жыл сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турсун.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-декабрындагы № 867 «Кыргыз Республикасында 2012-2016-жылдарга АИВ-инфекциясынын эпидемиясын турукташтыруу боюнча мамлекеттик программа жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ж.Исаков