КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-январындагы № 4 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 747 «Патенттик ишенимдүү өкүлдөрдү аттестациялоонун жана каттоонун тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 

Патенттик ишенимдүү өкүлгө талапкерлерди аттестациялоо жол-жоболорун өркүндөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 747 «Патенттик ишенимдүү өкүлдөрдү аттестациялоонун жана каттоонун тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Патенттик ишенимдүү өкүлдөрдү аттестациялоонун жана каттоонун тартибинде:

1)  4-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

«Талапкерлерди патенттик ишенимдүү өкүлдөрүнө аттестациялоо Кыргызпатентте арыз катталган учурдан тартып жылдын ичинде өткөрүлөт.»;

2)  5-пунктундагы «директору» деген сөз «жетекчиси» деген сөз менен алмаштырылсын;

3)  6-пунктундагы «директору» деген сөз «жетекчиси» деген сөз менен алмаштырылсын;

4)   9-пунктунун тогузунчу абзацындагы «директоруна» деген сөз «жетекчисине» деген сөз менен алмаштырылсын;

5)  14-пунктунда:

- үчүнчү абзацындагы «дипломдун көчүрмөсү» деген сөздөр «нотариалдык күбөлөндүрүлгөн дипломдун көчүрмөсү» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«аттестациялоо үчүн белгиленген алымдын төлөнгөндүгүн тастыктоочу документ.»;

6) 28-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«28. Экзамен төмөнкү багыттар боюнча иштин билдирилген түрлөрүнө ылайык аттестациялык комиссия тарабынан бекитилген экзамендик тапшырмалар боюнча жүргүзүлөт:

- ойлоп табуулар жана пайдалуу моделдер;

- өнөр жай үлгүлөрү;

- товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары;

- селекциялык жетишкендиктер.

Талапкер жогоруда саналган иш багыттарынын ичинен тандалып алынган ар бир түрү боюнча бир экзамендик билет боюнча тапшырат.

Суроолорго жооптор жана төрт теориялык суроодон жана бир практикалык маселеден турган экзамендик билеттердин тапшырмаларынын аткарылышы суммаланып беш баллдуу система боюнча бааланат. Экзаменге жалпы баа орточо арифметикалык баадан чыгарылат, мында өтө турган балл 3,7 ден кем эмес баллды түзөт.

Даярдануу үчүн убакыт талапкер билдирген келечектеги ишинин чектөөлөрүнүн көлөмүнө жараша аттестациялык комиссиянын төрагасы тарабынан белгиленет жана 120 минутадан ашпоого тийиш.»;

Тартиптин 1-тиркемесиндеги «директоруна» деген сөз «жетекчисине» деген сөз менен алмаштырылсын;

Тартиптин 2-тиркемесиндеги «директоруна» деген сөз «жетекчисине» деген сөз менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

Премьер-министр                                                                   С.Ж.Исаков

Тиркемелер

Басып чыгаруу