Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 791 «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борбору (Суучулдар кызматы) жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борборунун (Суучулдар кызматы) ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 791 «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борбору (Суучулдар кызматы) жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
преамбулада:
- «токтомдоруна» деген сөз «токтомуна» деген сөз менен алмаштырылсын;
- «, 2009-жылдын 4-декабрындагы № 731 «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө» деген сөздөр алып салынсын;
- 2-пунктунун төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борбору (Суучулдар кызматы) жөнүндө жободо:
- 19-пунктунун он үчүнчү абзацы «КР ӨКМне сунуш кылат» деген аббревиатурадан жана сөздөрдөн кийин «, ошондой эле Борбордун аскер кызматчыларына карата Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүнүн тартиптик жана башка уставдарында каралган начальниктин укуктарын пайдаланат» деген сөздөр менен толукталсын;
- 21-пункту «туруктуу негиздеги» деген сөздөрдөн кийин «аскер кызматчылары,» деген сөздөр менен толукталсын;
- «Терең суудагы шаймашай суучулдар бекети» VI главасынын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«VI. Борбордун Терең суудагы шаймашай суучулдар бекети (Ыкчам издөө-маневр тобу)»;
- төмөнкүдөй мазмундагы 251-пункт менен толукталсын:
«251. Суу объекттеринде, гидротехникалык курулуштарда өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү элементи болуп Борбордун Ыкчам издөө-маневр тобу саналат.
Борбордун Ыкчам издөө-маневр тобу суудагы өзгөчө кырдаалдардын бардык түрлөрүнө атайын тез чара көрүүнүн, өзгөчө оор шарттардагы суучул иштеринде суучул-куткаруучуларга жардам берүүнүн, Кыргыз Республикасынын гидротехникалык курулмаларын суучул изилдөөнүн түздөн-түз милдеттерин, функцияларын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өзгөчө жана кризисттик кырдаалдарда дароо чара көрүүнү талап кылган башка милдеттерин аткарат.».
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үч айлык мөөнөттө өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ж.Исаков