КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 9-январындагы № 9 токтому

Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы Кара-Буура  районунун Шекер айыл аймагында жайгашкан жерлерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери” категориясына которуу жөнүндө 

Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун ысымын түбөлүкө калтыруу, “Чыңгыз-Ордо” ден соолукту чыңдоочу маданий-тарыхый комплексин куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Талас  облусунун Кара-Буура райондук мамлекеттик администрациясынын 2017-жылдын 8-февралындагы № 34 буйругун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2017-жылдын 22-майындагы № 05-17-16/996 корутундусун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы Кара-Буура районунун Шекер айыл аймагында жайгашкан, мамлекеттин менчигинде турган, аянты 15 га анын ичинен 6,10 га – көп жылдык өсүмдүктөр, 5,30 га – сугат айдоо жери, 3,60 га – жайыт участогу (662, 663, 664, 661, 695  контурлары) “Чыңгыз-Ордо” ден соолукту чыңдоочу маданий-тарыхый комплексин куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери” категориясына которулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Кара-Буура райондук мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыздасын:

- жерлерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;

- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлердин шаар куруу документтерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштеп чыгууну жана бекитүүнү;

- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогун максаттуу багыты боюнча пайдаланууну.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

 

Премьер-министр                                                                                                        С.Ж.Исаков

Тиркемелер

Басып чыгаруу