КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 850 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын  жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү  ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда эмгек акы төлөө маселелерин  жөнгө салуу максатында, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын  жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун 5-тиркемесинде:

эскертүү төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын аткаруучу мүчөлөрү ыйгарым укуктарына ээ болгон аткаруучу кеңешинин мүчөлөрүнө кызматтык маянанын өлчөмдөрүн аныктоодо “Жогорку “А” позициясы үчүн каралган эселенген коэффициенттердин торчосуна ылайык колдонулуучу эселенген коэффициенттер белгиленет.”.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы белгиленген тартипте:

- ушул токтомдон келип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун эки жумалык мөөнөттө иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин;

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2017-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр                                                                                                               С.Ж.Исаков

Тиркемелер

Басып чыгаруу