Кыргыз Республикасынын электр байланыш тармактарын номерлештирүү улуттук системасын жана планын бекитүү жана номерлештирүү ресурсунун бирдиги үчүн акынын өлчөмүн белгилөө жөнүндө
Мамлекеттик номерлештирүү ресурсунун бирдиги үчүн экономикалык негизделген жана социалдык ылайыктуу акынын өлчөмүн белгилөө жана ишке ашыруу максатында, «Электр жана почта байланышы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4 жана 92-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын электр байланыш тармактарын номерлештирүү улуттук системасы жана планы, 1-тиркемеге ылайык;
- Номерлештирүү ресурсунун бирдиги үчүн акынын өлчөмү, 2-тиркемеге ылайык.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ж.Исаков