КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-январындагы №2 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-августундагы № 466 “Кыргыз Республикасынын суу объекттеринде адам өмүрүн коргоонун эрежелерин бекитүү  жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү  киргизүү тууралуу 

Кыргыз Республикасынын cуу объекттериндеги күтүлбөгөн кырсыктардын алдын алуу чараларын күчөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “2011-жылдын 13-августундагы № 466 “Кыргыз Республикасынын суу объекттеринде адам өмүрүн коргоонун эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр  киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын суу объекттеринде адам өмүрүн коргоонун  эрежелеринде:

- төмөнкүдөй мазмундагы 231-пункт менен толукталсын:

“231. Жыл сайын жайкы туристтик мезгилдин алдында экологиялык жана техникалык коопсуздук маселелерин көзөмөлдөөчү жана контролдоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү сууга түшүүгө кооптуу жерлерге мониторинг жүргүзүшөт. Мониторингдин жыйынтыгы боюнча сууга түшүүгө тыюу салуу жөнүндө эскертүүчү белгилерди орнотуу боюнча иш-чараларды андан ары жүргүзүү жана суу агымы күчтүү жерлерди же саздактуу суу объекттерин тосуу  үчүн жогоруда аталган суу объекттери балансында же карамагында турган тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана чарба жүргүзүү субъекттерине жазуу жүзүндө кабарлашат.”;

- 24-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

“24. Жашы жете электердин суудагы күтүлбөгөн кырсыктарга кабылуусунун алдын алуу максатында билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен бирге суудагы коопсуз жүрүм-турум жөнүндө жалпы билим берүү уюмдарынын окуучулары үчүн эки сааттык класстан тышкаркы окуу-семинарлары өткөрүлөт.”;

     - 44-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

 “44. Калктын коопсуздугун камсыздоо жана күтүлбөгөн кырсыкты болтурбоо максатында чакан сүзүүчү каражаттар жээкке келип токтоочу, ошондой эле жүргүнчүлөрдү отургузуу-түшүрүү үчүн пайдаланылуучу  жайлар экологиялык жана техникалык коопсуздук маселелерин мамлекеттик көзөмөлдөөчү жана контролдоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жыл сайын техникалык күбөлөндүрүүдөн өткөрүлөт.”;

 жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын суу объекттеринде адам өмүрүн коргоонун эрежелеринин 1-тиркемесинде:

- 6-пунктунда:

он үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“- курорттук сезон башталаар алдында куткаруу станциясынын (посттун) ээси катерлерди, кайыктарды (сууда куткаруучу каражаттарды) экологиялык жана техникалык коопсуздук маселелерин мамлекеттик көзөмөлдөөчү жана контролдоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга техникалык  күбөлөндүрүү жана сүзүүгө уруксат алуу үчүн көрсөтөт;”;

он төртүнчү абзацтагы “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик транспорт инспекциясынын” деген сөздөр “суу транспорту жаатын башкаруучу  ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция:

- өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин;

-  аталган токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрүшсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                                    С.Ж.Исаков 

Тиркемелер

Басып чыгаруу