КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-январындагы № 5 токтому

Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын экинчи этабын ишке ашыруу боюнча  чаралар жөнүндө 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине жана “Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-июнундагы № 2195-V токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик программанын экинчи этабын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  2017-жылдын 25-августундагы № 1836-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жаңы доорго - кырк кадам” программасын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын экинчи этабын ишке ашырууга карата 2018-2020-жылдарга иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):

- ушул токтомду тиешелүү жылга республикалык жана жергиликтүү бюджеттерде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген каржылоонун башка булактарында каралган каражаттардын чегинде ишке ашырышсын;

- Иш-чаралар планына ылайык тейлеген багыттары боюнча иш-аракеттердин планын иштеп чыгып  бекитишсин жана Иш-чаралар планын аткарууну камсыз кылышсын;

- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен  кечиктирбестен Иш-чаралар планынын аткарылышы боюнча маалыматты жалпылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттикке берип турушсун.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турсун.

4. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилери Иш-чаралар планынын сапаттуу жана өз убагында аткарылышы үчүн жекече жоопкерчиликке тартыла тургандыгы белгиленсин.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгына жүктөлсүн.

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

  

Премьер-министр                                                                     С.Ж. Исаков